304-статья. Милдеттенмени кыйла үнөмдүү жол менен аткаруу. Аткарууга көмөк көрсөтүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›17-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 304-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Ар бир тарап милдеттенмеде өз милдеттерин кыйла үнөмдүү жол менен

аткарууга жана экинчи тарапка өз милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.