296-статья. Милдеттенме түшүнүгү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›16-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 296-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Милдеттенмеге жараша бир жак (карызкор) экинчи жактын (кредитордун) пайдасына белгилүү бир аракеттерди жасоого: мүлктү өткөрүп берүүгө, иш аткарууга, акча төлөөгө жана башка нерселерди жасоого же белгилүү аракетти аткарбоого милдеттүү, ал эми кредитор карызкордон милдеттенмесин аткарууну талап кылууга укуктуу.