289-статья. Менчик укугун коргоонун негизги ыкмалары
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 289-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Менчик ээси башка бирөө мыйзамсыз ээлеп алган өзүнүн мүлкүн кайра талап кылууга укуктуу.
2. Менчик ээси өзүнүн менчик укугунун таанылышын, ошондой эле ээлик кылуудан ажырап калууга байланышпаган башка бузулган укуктарынын четтелишин талап кыла алат.