282-статья. Менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча мүлк менен өндүрүп алуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›14-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 282-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Эгерде мыйзамда же келишимде өндүрүп алуунун башка тартиби каралбаса, менчик ээсинин милдеттенмеси боюнча мүлк менен өндүрүп алуу жолу аркылуу мүлктү алып коюу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

2. Өндүрүп алууга болгон мүлккө менчик ээсинин укугу бул мүлк өткөн жакта менчик укугу алынып коюлган мүлккө пайда болгондон тартып токтотулат.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 16-р чечими