28-статья. Татаал буюмдар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›3-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 28-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Эгерде теги ар кандай буюмдар бир бүтүн нерсени түзсө, бириктирүүнүн негизинде аныкталуучу багыт боюнча аны пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, алар бир буюм (татаал буюм) катары каралат.

2. Эгерде келишимде башкача белгиленбесе, татаал буюм жаатында түзүлгөн бүтүмдүн күчү анын бардык курамдык бөлүктөрүнө жайылтылат.