268-статья. Жалпы үлүштүк менчиктеги турак үйдүн же башка курулуштун үстүнө, жанына куруунун же өзгөртүп


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›13-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 268-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

куруунун натыйжасы

Эгерде менчик ээси белгиленген эрежелерди сактоо менен үлүштүк менчиктеги үйдүн же курулушун аянтын кошуп, үстүнө куруу же өзгөртүп куруу аркылуу өз эсебинен кеңейтсе, анда бул менчик ээсинин талабы боюнча үйгө же курулушка жалпы менчиктеги үлүш жана андагы жайларды пайдалануу тартиби тиешелүү түрдө өзгөртүлүүгө тийиш.