Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›12-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 261-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Менчик ээси аныкталбаган же мыйзамга байланыштуу ага болгон укугунан ажыраган кенч, башкача айтканда жерге көмүлгөн же башкача жолдор менен катылган акча же баалуу буюмдар кенч катылган жер участогу, курулуш жана башкалар тиешелүү болгон жак менен аны тапкан жактын менчигине, эгерде алардын ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, бирдей үлүштө өтөт.

Кенч катылган жер участогунун же башка мүлктүн ээсинин макулдугусуз казууларды жүргүзгөн же байлыктарды издеген жак кенчти тапкан учурда, ал кенч ал табылган жер участогунун же башка мүлктүн ээсине өткөрүп берилүүгө тийиш.

2. Тарыхый-маданий мурас эстеликтерине тиешелүү кенч табылган учурда алар мамлекеттик менчикке өткөрүлүүгө тийиш. Мындай болгондо кенч табылган жер участогунун же башка мүлктүн ээси жана кенчти тапкан жак кенчтин наркынын элүү процент өлчөмүндө сүйүнчү алууга укуктуу. Ал жактардын ортосунда сүйүнчүнү бөлүштүрүү ушул статьянын 1-пунктунда каралган эрежелерди колдонуу менен жүргүзүлөт.

Тарыхый-маданий мурас эстеликтерине тиешелүү кенчти тапкан жак ага сүйүнчү төлөнгөнгө чейин бул мүлктү кармап турууга укуктуу (342-статья).

(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)