255-статья. Келишим боюнча ээ болуучуда менчик укугунун пайда болуу учуру


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›12-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 255-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, келишим боюнча буюмга ээ болуучуда менчик укугу, аны өткөрүп алган учурдан баштап пайда болот.

2. Эгерде мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндөгү келишим мамлекеттик катталууга тийиш болсо, сатып алуучуда менчик укугу аны каттаган учурдан баштап пайда болот.