2333-статья. Жалпы пайдалануудагы жер участоктору. Жер участокторуна мүмкүнчүлүк алуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›10-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 2333-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Граждандар жалпы мүмкүнчүлүк берилген, мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жабык эмес жер участокторунда кандайдыр-бир уруксатсыз эле эркин жүрүүгө жана бул участоктордо болгон табигый объектилерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле тиешелүү жер участогунун менчик ээси жол берген чектерде пайдаланууга укуктуу.

2. Жер участогу курчалбаса, болбосо анын менчик ээси же жерди пайдалануучу башкача ыкма менен участокко анын уруксатсыз кирүүгө жол берилбей тургандыгын так белгилеп койбосо, ар кандай адам, эгерде мунун өзү менчик ээсине же жерди пайдалануучуга зыян келтирбеген шартта ушул участок аркылуу өтүп кете алат.