23317-статья. Менчик ээсинин жер участогун коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюу
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 23317-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Жер участогу анын менчик ээсинен коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн соттун чечиминин негизинде анын наркын жана ажыратып алууда келтирилген башка зыяндарын төлөп берүү менен алынышы мүмкүн.
2. Жер участогун коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюу жана наркын жана келтирилген зыяндарды төлөп берүү тартиби жер мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)