232-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жалпыга таандык объектилерин пайдалануу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›10-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 232-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Граждандар жерлерди, көлдөрдү, дарыяларды, токойлорду, көлмөлөрдү, жолдорду жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти салт боюнча иш жүзүндө жана калыптанып калган жалпыга бирдей таандык башка объектилерди эркин пайдаланууга укуктуу.

Андай объектилерди пайдалануу укугун чектөө коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, адамдардын ден соолугун жана жаратылышты коргоо максатында мыйзамга ылайык белгилениши мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)