22-статья. Граждандык укук объектилеринин түрлөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›3-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 22-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Граждандык укук объектилерине буюмдар, анын ичинде акчалар жана баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, санарип сомдор, электрондук акча, башка мүлк, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр; корголуучу маалымат; интеллектуалдык иштин натыйжалары жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттары (интеллектуалдык менчик), ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар кирет.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2022-жылдын 5-августундагы № 81 , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 , 2026-жылдын 8-июлундагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)