218-статья. Доонун эскирүү мөөнөтүндөгү үзгүлтүк
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 218-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
Доонун зскирүү мөөнөтүнүн өтүшү төмөнкүлөр аркылуу үзгүлтүккө учурайт:
1) белгиленген тартипте доо коюу;
2) милдеттүү адамдын карызды же башка милдеттенмелерди таануусун күбөлөндүрүүчү аракеттерди жасашы;
3) медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык соттон тышкаркы тартипте, медиация аркылуу талаш-тартышты жөнгө салууга тараптардын өз ара макулдугу.
Үзгүлтүктөн кийин доонун эскирүү мөөнөтү кайрадан башталат; үзгүлтүккө чейин өткөн мөөнөт жаңы мөөнөткө кошулбайт.
(КР 2022-жылдын 6-июнундагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)