215-статья. Доонун эскиришин колдонуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›9-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 215-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Бузулган укукту коргоо жөнүндө талап доонун эскирүү мөөнөтү өткөнүнө карабастан сот тарабынан кароого алынат.

2. Доонун эскириши иш боюнча соттун чечими чыгарылганга чейин ишке катышкан жактардын сотко берилген жазуу жүзүндөгү арызы боюнча гана сот тарабынан колдонулат.

3. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн колдонуу жөнүндө ишке катышкан жактар тарабынан билдирилген доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү соттун доодон баш тартуу тууралуу чечим чыгаруусуна негиз болуп саналат.

4. Башкы талап боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетиши менен кошумча талаптар (туум, күрөө, кепилдик берүү) боюнча да доонун эскирүү мөөнөтү бүтөт.

5. Башкы талап боюнча аткаруучу документти аткарууга көрсөтүү мөөнөтү өтүп кеткен учурда кошумча талаптар боюнча доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетти деп эсептелет.

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)