213-статья. Доонун эскиришинин атайын мөөнөттөрү
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 213-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Мыйзам тарабынан талаптардын айрым түрлөрү үчүн жалпы мөөнөткө салыштырганда кыскартылган же узагыраак атайын мөөнөттөр белгилениши мүмкүн.
2. Эгерде мыйзамда башка белгиленбесе, ушул Кодекстин 211-, 214-, 220-статьяларынын эрежелери доонун эскиришинин атайын мөөнөттөрүнө да жайылтылат.