210-статья. Мөөнөттүн акыркы күнүндө аракеттерди жасоонун тартиби
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 210-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Эгерде мөөнөт кандайдыр бир аракетти жасоо үчүн белгиленсе, ал аракет мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин аткарылууга тийиш.
Бирок, эгерде бул аракет уюмда жасалууга тийиш болсо, анда мөөнөт ошол уюмда белгиленген эрежелер боюнча тиешелүү операциялар токтотулуучу саатта аяктайт.
2. Мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин почтага же телеграфка тапшырылган кат жүзүндөгү арыздар жана кабарлар мөөнөтүндө жасалды деп саналат.
2. Доонун эскириши