197-статья. Алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун таасири астында, бир тараптын өкүлүнүн экинчи тараптын өкүлү менен кара
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 197-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
ниеттик макулдашуусунун же оор жагдайлардан улам түзүлгөн бүтүмдүн жараксыздыгы
1. Алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун таасири астында, бир тараптын өкүлүнүн экинчи тараптын өкүлү менен кара ниеттик макулдашуусу боюнча түзүлгөн бүтүм, ошондой эле экинчи жак пайдаланган шартка караганда жак өзү үчүн өтө оор шарттын келип чыгышынан улам түзүүгө аргасыз болгон бүтүм (аргасыз бүтүм) жапа чеккендин доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.
Бүтүм жасоого же андан баш тартууга мажбурлоо жоопкерчилиги КР 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 Кылмыш-жаза Кодексинде бекитилген
2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздердин бири боюнча бүтүм жараксыз деп таанылса, анда жапа чеккен жакка экинчи тарап ал бүтүм боюнча алган нерсенин бардыгын кайтарып берет, ал эми алгандарын натуралай кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, анын наркын акчалай төлөп берет.
Бүтүм боюнча жапа чеккен тарап экинчи тараптан алган, ошондой эле экинчи тарап ордун толтуруу үчүн берген ага тиешелүү мүлк Кыргыз Республикасынын кирешесине которулат. Мүлктү мамлекеттин кирешесине натуралай берүүгө мүмкүн болбосо, анын наркы акчалай өндүрүлөт. Андан тышкары экинчи тарап жапа чеккен жакка келтирилген реалдуу зыяндын ордун төлөп берет.