185-статья. Мыйзамга ылайык келбеген бүтүмдүн жараксыздыгы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›7-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 185-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген бүтүм, эгерде мыйзам мындай бүтүм талашып алуучу экенин белгилебесе же мыйзамды бузуунун башка кесепеттерин карабаса, ал эч нерсеге татыбас бүтүм.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)