176-статья. Бүтүмдүн жазуу жүзүндөгү формасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›7-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 176-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Жазуу жүзүндөгү бүтүм анын маңызын билдирген жана бүтүм жасап жаткан жактын же жактардын же тийиштүү түрдө ыйгарым укук алышкан жактардын колдору коюлган документти түзүү жолу менен жасалууга тийиш.

Бүтүмдүн жазуу түрүндөгү формасы жак тарабынан бүтүмдүн мазмунун өзгөрүлбөгөн түрдө материалдык алып жүрүүчүгө кайра жазууга мүмкүндүк берген электрондук же болбосо башка техникалык каражаттардын жардамы менен бүтүм жасалган учурда да сакталган болуп эсептелет, мында кол тамганын болушу жөнүндө талап, эгерде эркин билдирген адамды так аныктоого мүмкүндүк берген ар кандай ыкма пайдаланылса, аткарылды деп эсептелет. Мыйзамда, башка укуктук ченемдик актыларда жана тараптардын макулдашуусунда эркин билдирген адамды ишенимдүү аныктоонун атайын ыкмалары каралышы мүмкүн.

Эки тараптуу бүтүмдөр ар бир тарап өздөрү түзүшкөн жана кол коюшкан (395-статьянын 2-пункту) документтерди алмашуу жолу менен жасалат.

Мыйзам жана тараптардын макулдашуусу менен бүтүмдүн формасы (белгилүү формадагы бланкка жасоо, мөөр менен ырастоо ж.б.) туура келүүчү кошумча талаптар коюлушу жана бул талаптарды сактабагандыктын натыйжалары каралышы мүмкүн. Эгерде мыйзамда же тараптардын макулдашуусунда мындай натыйжалар каралбаса, бүтүмдүн жөнөкөй жазуу жүзүндөгү формасынын сакталбаган натыйжалары колдонулат.

2. Бүтүмдөрдү жасоодо коюлган колдорду механикалык каражаттардын жардамы аркылуу факсимилдик жол менен кайра чыгарууга же башкача ыкма менен көчүрүп алууга, электрондук-сан менен жазууга же жекече коюлган колдун башка аналогу мыйзамда же тараптардын макулдашуусу менен каралган учурларда жол берилет.

Дене бойлук кемчилдигинен улам өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү граждан өз кол коюусун толугу менен алмаштыра турган, нотариаттык күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамганы пайдалануу менен жазуу жүзүндөгү формада бүтүм түзүүгө укуктуу.

3. Эгерде граждан өзүнүн денесиндеги кемчилдигинин, оорусунун же сабатсыздыгынын айынан өзү кол кое албаса жана факсимилдик кол коюусу болбосо, анда анын өтүнүчү боюнча бүтүмдө башка граждан кол кое алат. Анын койгон колу нотариус аркылуу же бүтүм жасоочу ага өз колун кое албагандыгынын себептерин көрсөтүү менен мындай нотариалдык иштерди жүргүзүүгө укуктуу кызмат адамы аркылуу ырасталышы керек.

4. Бирок ушул Кодекстин 204-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жасоодо жана аны жасоого берилген ишеним күбөлүктөрдө бүтүмгө кол койгондун колу, ошондой эле өз колун кое албаган граждан иштеген уюм же ал дарыланууда жаткан стационардык дарылоочу мекеменин администрациясы тарабынан ырасталышы мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)