149-статья. Акционердик коомду кайра түзүү жана жоюу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›5-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 149-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Акционердик коом өз ыктыяры менен кайра түзүлүшү же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн. Акционердик коомдун кайра түзүлүшүнүн жана жоюлушунун башка негиздери жана тартиби ушул Кодекс жана башка мыйзамдар менен аныкталат.

Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун кайра уюштуруу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин жүргүзүлөт.

2. Акционердик коом жоопкерчилиги чектелген коомго же кооперативге кайра түзүлүүгө укуктуу.

(КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамыдарнын редакцияларына ылайык)

7. Туунду жана көз каранды коомдор