147-статья. Акционердик коомдун баалуу кагаздарын чыгарууга жана дивиденддерди төлөөгө чек коюу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 147-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Акционердик коом артыкчылыктуу акцияларды чыгарууга укуктуу. Жайгаштырылган артыкчылыктуу акциялардын саны коомдун бардык акцияларынын санынын 25 пайызынан ашпоого тийиш.
2. Акционердик коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте облигацияларды, камсыздалган облигацияларды жана эл аралык облигацияларды чыгарууга укуктуу.
3. Эгерде артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынбаса, акционердик коом жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү тууралу чечим кабыл алууга укуксуз.
Акционердик коомдордун айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында дивиденддерди төлөп берүүгө башка чектөөлөр каралышы мүмкүн.
(КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2009-жылдын 19-январындагы № 7, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)