131-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдогу башкаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 131-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун жогорку органы болуп анын катышуучуларынын жалпы чогулушу эсептелет.
Жоопкерчилиги чектелген коомдо анын ишмердигине күнүмдүк жетекчиликти жүргүзүү үчүн жана анын катышуучуларынын жалпы чогулушуна отчет берүүчү аткаруучу (коллегиалдуу же жекече) орган түзүлөт. Коомду башкаруунун жекече органы анын катышуучуларынын арасынан шайланбайт, эгерде коом бир гана адам тарабынан түзүлсө, уюмдаштыруучу коомдун жогорку органы болуп саналат.
Коомдун уставында Директорлор кеңешин түзүү каралышы мүмкүн.
2. Коомду башкаруунун, ошондой эле ал тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби жана коомдун атынан иш жүргүзүү ушул Кодекске ылайык мыйзам тарабынан жана уюштуруу келишими тарабынан аныкталат.
3. Жоопкерчилиги чектелүү коомдун жогорку органдын өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр мүнөздүү:
1) коомдун уставын өзгөртүү, анын уставдык капиталынын өлчөмүн өзгөртүү;
2) коомдо Директорлор кеңеши болбогон учурда, эгерде коомдун уставында бул маселелер Директорлор кеңешинин компетенциясына кирбесе, коомдун аткаруучу органын түзүү жана чакырып алуу;
21) коомду уюштурууда жана жоюуда аткаруучу органды түзүү жана чакырып алуу;
3) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү жана анын пайдаларын жана чыгымдарын бөлүштүрүү;
4) коомду кайра түзүү же жоюу жөнүндө чечим;
5) коомдун ички аудит кызматын (ички аудиторун) шайлоо.
6) коомдун Директорлор кеңешин түзүү жана чакырып алуу.
Коомдун мыйзамы жана уставы тарабынан жогорку органдын өзгөчө компетенциясына башка да маселелерди чечүү кирет.
Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына кирген маселелер алар тарабынан коомдун аткаруучу органына же Директорлор кеңешине чечүүгө өткөрүлүп берилбейт.
4. Коомдун ишмердигине жана отчеттуулугуна аудиттик текшерүү жүргүзүүнүн тартиби коомдун мыйзамы жана уставы тарабынан аныкталат.
Коомдун каалаган катышуучусунун талабы боюнча коом же анын катышуучулары менен мүлк кызыкчылыктары (тышкы аудит) аркылуу байланышпаган профессионалдуу аудиторду камтуу менен коомдун жылдык финансылык отчеттуулугуна аудитордук текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Мыйзам тарабынан каралган учурлардан тышкары анын иш алып баруусунун натыйжалары жөнүндө коомдун ачык отчеттуулугу талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2015-жылдын 20-июлундагы № 180, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)