126-5-статья. Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештигин жоюу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 126-5-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги шериктештиктин уюштуруу документтерине ылайык шериктештиктин иштөө мөөнөтү аяктаганда жоюлат.
Эгерде жок дегенде бир толук шериктеш жана бир салым кошуучу калса, венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги сакталып калат.
Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги жоюлганда, анын ичинде банкрот (кудуретсиз) болгон учурда салым кошуучулар анын кредиторлорунун талаптары канааттандырылгандан кийин калган шериктештиктин мүлкүнөн салымдарды алууга толук шериктештерге караганда артыкчылыктуу укукка ээ.
Шериктештиктин андан кийин калган мүлкү толук шериктештердин жана салым кошуучулардын ортосунда уюштуруу келишимине, же толук шериктештер менен салым кошуучулардын ортосунда түзүлгөн башка макулдашууга ылайык бөлүштүрүлөт.
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4. Жоопкерчилиги чектелген коом