124-статья. Коммандиттик шериктештиктеги башкаруу жана анын ишин алып баруу
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 124-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Коммандиттик шериктештиктин ишмердигин толук шериктештер башкарат. Мындай шериктештикти анын толук шериктештери башкаруусунун жана ишин алып баруусунун тартиби алар тарабынан толук шериктештиктер жөнүндөгү эрежелер боюнча белгиленет.
2. Коммандиттисттердин коммандиттик шериктештиктердин ишмердигин башкарууга катышууга жана шериктештикти башкаруу боюнча толук шериктештердин аракеттери боюнча талашууга укугу жок. Алар шериктештиктин атынан анын ишеним каты менен гана чыга алышат.