117-статья. Катышуучунун толук шериктештиктен чыгышы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›5-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 117-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Толук шериктештиктин катышуучусу шериктештикке катышуудан баш тарткандыгы тууралу билдирүү менен андан чыгууга укуктуу.

Мөөнөтү белгиленбестен түзүлгөн толук шериктештикке катышуудан баш тартуу жөнүндөгү билдирүү шериктештиктен анык чыгуудан кеминде алты ай мурда жасалууга тийиш. Белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн шериктештиктен мөөнөтүнөн мурда чыгууга жүйөөлүү себептер болгондо гана уруксат берилет.

2. Шериктештиктин катышуучуларынын ортосундагы шериктештиктен чыгуу укугунан баш тартуу жөнүндөгү макулдашуу жокко эсе.