102-статья. Юридикалык жактын банкрот болушу (кудуретсиздиги) тууралу иш козгоонун натыйжасы
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 102-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
Соттук же сотук эмес тартипте юридикалык жакты банкрот болду (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө иш козголгон учурдан тартып бул юридикалык жак банкроттук жөнүндө мыйзамда башка жагдай каралбаса, өзүнө таандык мүлктү өзүнөн ажыратууга, башка бир негиздер боюнча аны үчүнчү бирөөлөргө берүүгө жана өз милдеттенмелерин ыктыярдуу тындырууга укугу жок.
(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык)