10-статья. Граждандык укуктардын сот тарабынан корголушу
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 10-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Бузулган же талашылып жаткан граждандык укуктарды коргоо сот тарабынан иштин процессуалдык мыйзамдарда же келишимде белгиленген таандык болушуна ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Мыйзамда же келишимде тараптардын ортосундагы талашты сотко кайрылганга чейин жөнгө салуу каралышы мүмкүн.
3. Граждандык укуктарды административдик тартипте коргоо мыйзамда каралган учурларда гана жүзөгө ашырылат. Административдик тартипте кабыл алынган чечим сотко даттанылышы мүмкүн.