99-берене. Санарип реестрлерин жөнгө салуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ. САНАРИП ДАЙЫНДАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ. САНАРИП РЕСУРСТАРЫ›13-глава. Санарип реестрлери

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 99-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.

1. Ушул Кодекс эсепке алуунун төмөнкүдөй объекттерин пайдалануу укуктарынын таандыктыгын тастыктоочу санарип реестрлерин түзүүнү жана пайдаланууну жөнгө салат:

1) улуттук экотутумдун элементтерин;

2) радио жыштык спектрин;

3) номерлештирүүнү.

2. Кыргыз Республикасы төмөнкүлөрдүн ээси болуп саналат:

1) улуттук экотутумдун санарип реестринин;

2) санарип радио жыштык реестринин;

3) санарип номерлештирүү реестринин.

3. Кыргыз Республикасынын атынан улуттук экотутумдун санарип реестринин ээсинин укугун улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу жүзөгө ашырат. санарип радио жыштык реестринин жана санарип номерлештирүү реестринин ээсинин укугун - телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу жүзөгө ашырат.

4. Кыргыз Республикасы ээси болуп саналган санарип реестрлерине жазмаларды киргизүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби эл аралык келишимдердин жоболорун жана жалпы таанылган эл аралык практиканы эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

5. Радио жыштык спектрин, номерлештирүүнү пайдалануучулар, улуттук экотутумдун ээлери (берүүчүлөр) тиешелүү санарип реестрлериндеги жазмалардын принципалдары болуп саналат.