75-берене. Санарип жазмаларын оңдоо жана толуктоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ. САНАРИП ДАЙЫНДАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ. САНАРИП РЕСУРСТАРЫ›10-глава. Санарип дайындарын иштеп чыгуу тууралуу жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 75-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.

1. Жазмалардын ээси төмөнкүдөй учурларда санарип жазмаларына ондоолорду киргизүүгө жана аларды иштеп чыгуунун максаттарын эске алуу менен аларды толуктоого милдеттүү:

1) дайындардын принципалынын ага тийиштүү санарип жазмаларын ондоо же толуктоо суроо-талабын алган учурда;

2) тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын санарип жазмаларын оңдоо же толуктоо зарылдыгы жөнүндө талабын алган учурда;

3) жазмалардын ээси санарип жазмаларынын толук эместигин, анык эместигин, алардын актуалдуулугун жоготкондугун көрсөткөн жаңы дайындарды алган учурда.

2. Эгерде жазмалардын ээси тарабынан иштеп чыгуунун максаттарына ылайык санарип жазмаларында камтылган дайындар толук, анык. актуалдуу болуп саналса. жазмалардын ээси санарип жазмаларына ондоолорду жана толуктоолорду киргизбей коюуга укуктуу.

3. Жазмалардын ээси дайындардын принципалынын суроо-талабын алган же башка негиздер боюнча дайындарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде дайындардын принципалына ага тийиштүү санарип жазмаларын оңдоо же толуктоо тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.