7-берене. Мамлекеттик жөнгө салуу тариздери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ. САНАРИП ЧӨЙРӨСҮНДӨ УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУНУН НЕГИЗДЕРИ›2-глава. Санарип чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 7-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.

Кыргыз Республикасында санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй тариздерде жүзөгө ашырылат:

1) санарип чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоо;

2) тармактык жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу.