60-берене. Санарип жазмаларын таратуу жана аларга жеткиликтүүлүк


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. САНАРИП ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕР›9-глава. Санарип чөйрөсүндө укуктарды жүзөгө ашыруу жана милдеттерди аткаруу

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 60-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.

1. Санарип жазмаларын таратуу алардын ээсинин же санарип ресурсунун ээсинин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат. Санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк пайдалануучунун демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Санарип жазмаларын таратуу ушул Кодексте белгиленген талаптар сакталганда эркин жүзөгө ашырылат. Санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк тиешелүү санарип жазмаларынын ээси же санарип ресурсунун ээси тарабынан аныкталган шарттарда жүзөгө ашырылат.

3. Таратылуучу же пайдаланылуучу санарип жазмаларынын метадайындарында алардын ээси тууралуу, мындай жакты санариптик идентификациялоо үчүн же аны менен санарип чөйрөсүндө байланышуу мүмкүнчүлүгү үчүн жетиштүү тариздеги жана көлөмдөгү анык маалыматтар камтылышы керек.

4. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, санарип жазмасын таратуучу жак пайдалануучуга санарип жазмаларын алуудан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

5. Санарип жазмаларын милдеттүү таратуу же аларга жетүү учурлары жана шарттары мыйзамда белгиленет.