54-берене. Дайындардын принципалынын укуктарынын пайда болуусу, өзгөрүүсү, токтотулушу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. САНАРИП ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕР›8-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин пайда болуусунун, өзгөрүүсүнүн, токтотулушунун негиздери

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 54-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.

1. Дайындардын принципалынын укуктары аны менен жана ага тийиштүү дайындардын ортосунда байланыш болгонунан улам пайда болот.

2. Дайындардын принципалынын өз укуктарынын пайда болушу жана жүзөгө ашырылышы үчүн билдирүү, каттоо же башка иш-аракеттерди жасоо талап кылынбайт, бирок санарип жазмаларынын ээси дайындардын принципалынан мындай санарип жазмалары ушул принципалга тийиштүү экендигине далилдерди талап кылууга укуктуу.

3. Дайындардын принципалынын укуктары төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) ушул принципалга таандык болгон санарип жазмалары жок кылынганда;

2) санарип жазмалары ушул санарип жазмалары менен ушул дайындардын принципалынын ортосундагы байланыш жок кылынгандай ээсиздендирилгенде.