28-берене. Санарип экотутумдары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. САНАРИП ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕР›5-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттери
Кыргыз Республикасынын Кодексинин 28-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.
1. Санарип экотутумунун жана ага шайкеш келген санарип коомдоштугунун катышуучулары болуп санарип экотутумунун ээси, санарип ресурстарынын ээлери, санарип сервисин берүүчүлөр жана пайдалануучулар (керектөөчүлөр) саналат.
2. Санарип экотутумунун катышуучулары санарип экотутумунун эрежелерин аныктоого ушул Кодексте жана санарип экотутумунун эрежелеринде аныкталган тартипте катышуу укугуна ээ болот.
3. Тармактык жөнгө салуучулар жана тиешелүү чөйрөдө монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары санарип экотутумдарында атаандаштыкты, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу коргоого жана өнүктүрүүгө багытталган чараларды көрөт:
1) санарип экотутумдарындагы атаандаштыктын абалын баалоо усулдугун иштеп чыгуу;
2) санарип экотутумдарынын ээлери тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен атаандаштыкты өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жараткан экономика тармактарында атаандаштыктын жалпы эрежелерин колдонуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен ишке ашырылат.