23-берене. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну өзгөртүү жана токтотуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
I БӨЛҮМ. САНАРИП ЧӨЙРӨСҮНДӨ УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУНУН НЕГИЗДЕРИ›4-глава. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү
Кыргыз Республикасынын Кодексинин 23-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.
1. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу анын тараптарынын макулдашуусу боюнча, ал эми эгерде тараптар макулдашууга жетише албаса - тармактык жөнгө салуучунун же соттун чечими боюнча өзгөртүлөт же токтотулат.
2. Тараптардын макулдашуусу же өз ара аракеттенүүнү токтотуу жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында түзүлгөн же өзгөртүлгөн санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине укуктардын (анын ичинде санарип укуктарынын) таандыктыгына көрсөтмөнү;
2) тараптардын өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында түзүлгөн же өзгөртүлгөн санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине техникалык документтерди жана башка коштоочу материалдарды бири-бирине берүү боюнча милдеттерин;
3) өз ара аракеттенүүнү токтотуунун натыйжасында козголгон пайдалануучулар менен мамилелердеги укук улантуучулук тартибин.
3. Белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттарды камтууга тийиш.
4. Өз ара аракеттенүү токтотулгандан кийин тараптар дайындарды иштеп чыгууну, аларды иштеп чыгуу үчүн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга негиз болгон бөлүгүндө токтотууга милдеттүү.