199-берене. Маалыматты санарип технологияларын пайдалануусуз иштеп чыгуу жана берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ТУТУМДАР›24-глава. Санарип чөйрөсүндөгү мамилелердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Кодексинин 199-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.
1. Тийиштүү ишти лицензиялоо учурларын кошпогондо, кабарламаларды санарип технологияларын пайдалануусуз берүү ушул Кодекс менен жөнгө салынбайт жана жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Кабарламаларды санарип технологияларын пайдалануусуз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жактар кат алышуунун, почта, телеграфтык жана башка кабарламалардын купуялыгын сактоого милдеттүү.
3. Эгерде ушул Кодексте каралган укуктук мамилелердин субъекттерине билдирүү боюнча милдетти аткарууну тийиштүү байланыш маалыматынын жоктугунан улам санарип технологияларын пайдалануу менен жүзөгө ашыруу мүмкүн болбосо, субъектке билдирүү ал өзү жеке кайрылганда ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип эмес жазмалар түрүндө берилген маалымат ресурстары (мамлекеттик же муниципалдык маалымат ресурстары) тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик же муниципалдык санарип ресурстарына кайра түзүлүүгө тийиш. Мамлекеттик жана муниципалдык маалымат ресурстарын санариптештирүү аяктаганга чейин аларда камтылган маалымат мамлекеттик жана муниципалдык санарип ресурстарында камтылган маалыматтай эле негиздерде жана ошол эле чектөөлөр менен пайдаланылат.