195-берене. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын милдеттүү талаптарга шайкештигин тастыктоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ТУТУМДАР›23-глава. Жасалма интеллект тутумдары
Кыргыз Республикасынын Кодексинин 195-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.
1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын колдонуу башталганга чейин анын ээси декларация кабыл алуу аркылуу анын ушул Кодексте белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоого милдеттүү. Аталган декларациянын таризи, ошондой эле анын мазмунуна карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Кабыл алынган декларация санарип документи таризинде баяндалууга, квалификацияланган санарип кол тамгасы коюлууга жана жасалма интеллект тутумунун ээсинин сайтына жайгаштырылууга тийиш. Аталган декларация жалпыга жеткиликтүү санарип жазмаларына кирет.