185-берене. Мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун санариптик технологиялык тутумдары менен өз ара аракеттенүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ТУТУМДАР›22-глава. Санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин өз ара жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрү
Кыргыз Республикасынын Кодексинин 185-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.
1. Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялардын операторлорунун тарамдарында сервистерди алуу үчүн пайдаланылуучу мобилдик түзүлмөлөр мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
2. Телекоммуникациялардын операторлору катталган мобилдик түзүлмөлөргө телекоммуникациялык сервистерди берүүгө милдеттүү.
3. Мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун иштөөсүнүн, алардын телекоммуникациялардын операторлору менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби, мобилдик түзүлмөлөрдү каттоонун тартиби, катталбаган мобилдик түзүлмөлөрдү тейлөөгө чектөөлөрдү киргизүүнүн мөөнөттөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.