175-берене. Телекоммуникациялык тарамдарды укуктук жөнгө салуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ТУТУМДАР›21-глава. Телекоммуникациялык тарамдар
Кыргыз Республикасынын Кодексинин 175-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.
1. Кыргыз Республикасы телекоммуникациялык тарамдарды пайдаланууну Конституциянын, ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин жана телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын чечимдеринин негизинде жөнгө салат. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, телекоммуникациялык тарамдарга тиешелүү терминдер Эл аралык электр байланыш бирлигинин документтеринде белгиленген мааниде колдонулат.
2. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу жана аларды жөнгө салуу телекоммуникациялар чөйрөсүндө жалпыга таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Кодексте белгиленген талаптарга шайкештикти тастыктоо зарыл болсо, эгерде алар ушул Кодексте белгиленген талаптарга эквиваленттүү же андан жогору талаптарга шайкештикти тастыктаса, чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык алынган документтер пайдаланылышы мүмкүн.