159-берене. Мамсервистер фабрикасы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IV БӨЛҮМ. САНАРИП СЕРВИСТЕРИ ЖАНА ЭКОТУТУМДАРЫ›18-глава. Мамсервистер
Кыргыз Республикасынын Кодексинин 159-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.
1. Мамсервистер фабрикасы мамсервистерди түзүү жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик санариптик технологиялык тутум болуп саналат.
2. Мамсервистер фабрикасы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) мамсервистин ээсинин улуттук экотутумдун санарип дайындарынын жалпы мейкиндигине жеткиликтүүлүгүн;
2) аны пайдалануу башталганга чейин мамсервисти тестирлөөнү;
3) мамсервистин ишине мониторинг жүргүзүүнү;
4) мамсервистин башка мамсервистер жана улуттук экотутумдун алкагында санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин башка объекттери менен өз ара аракеттенүүсүн;
5) мамсервисти өнүктүрүүнү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү.
3. Мамсервистер фабрикасынын иштөө эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Эрежеде мамсервистер фабрикасы тарабынан аткарылышы камсыз кылынуучу башка иш-милдеттер каралышы мүмкүн.