112-берене. Санарип сервистерин укуктук жөнгө салуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ. САНАРИП СЕРВИСТЕРИ ЖАНА ЭКОТУТУМДАРЫ›14-глава. Санарип сервистери жөнүндө жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 112-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.

1. Санарип сервистери пайдалануучуларга мындай сервистерди берүүчүлөр тарабынан белгиленген эрежелер боюнча ушул Кодексте каралган милдеттүү талаптарды сактоо менен берилет.

2. Берүүчүлөрү тарабынан белгиленген санарип сервистеринин эрежелери пайдалануучуларды санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо технологияларын же ыкмаларын жана алардын өздөрүнүн дайындарына жеткиликтүүлүгүн тандоодо жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алууга милдеттүү.

3. Санариптик бакубаттуулук сервистерин, телекоммуникациялык сервистерди. ишенимдүү сервистерди жана мамсервистерди берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуу ушул Кодекстин тиешелүү главаларында белгиленген кошумча талаптарды жана чектөөлөрдү эске алуу менен ушул главанын эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат. Мындай укуктук мамилелердин субъекттери ушул главада каралган бардык укуктарды пайдаланат жана алар менен байланышкан милдеттерди аткарат.