Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

05.05.2021 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VI ГЛАВА. АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫНЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИНИН КЕПИЛДИКТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренеси, 05.05.2021 редакциясы.

1. Сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат.

2. Мамлекет ар бир адамдын өздүк маалыматтарынын корголушуна кепилдик берет.

Жарандардын өздүк маалыматтарына жеткиликтүүлүк, аларды алуу мыйзамда каралган учурларда гана жүзөгө ашырылат.