Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

05.05.2021 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VI ГЛАВА. АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫНЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИНИН КЕПИЛДИКТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренеси, 05.05.2021 редакциясы.

1. Мамлекет адамдын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды жарыялоого кепилдик берет, бул аларды колдонуунун милдеттүү шарты болуп саналат.

2. Конституцияда белгиленген укуктар жана эркиндиктер толук деп саналбайт, адамдын жана жарандын жалпы таанылган башка укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарат же азайтат деп чечмеленбөөгө тийиш.