26-берене.
03.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
05.05.2021 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
II ГЛАВА. ЖЕКЕ УКУКТАР ЖАНА ЭРКИНДИКТЕР
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренеси, 05.05.2021 редакциясы.
1. Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.
2. Балдарга камкордук көрүү, аларды тарбиялоо - атасынын да, энесинин да бирдей укугу жана милдети. Эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдары ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү.
3. Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ.