25-берене.
03.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
05.05.2021 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
II ГЛАВА. ЖЕКЕ УКУКТАР ЖАНА ЭРКИНДИКТЕР
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренеси, 05.05.2021 редакциясы.
1. Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат.
2. Ар бир адам өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун, башка адамдардын өмүрүн жана ден соолугун зарыл болгон коргонуу чегинде укукка каршы кол салуудан коргоого укуктуу.