19-берене.
03.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
05.05.2021 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
II ГЛАВА. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренеси, 05.05.2021 редакциясы.
1. Мамлекет элдин бакубат жашоосуна жана аны социалдык коргоого камкордук көрөт.
2. Кыргыз Республикасы жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын колдоону, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат.
3. Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн тутумун өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка социалдык коргоонун кепилдиктерин камсыз кылат.