Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

05.05.2021 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

II ГЛАВА. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренеси, 05.05.2021 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын камтыйт.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык тутуму иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык. Жаңы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.