74-статья. Торуктарды уюштуруучунун көзкарандысыздыгы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.04.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ ӨНДҮРҮП АЛУУНУ КҮРӨӨГӨ КОЮЛГАН МҮЛККӨ АЙЛАНТУУ ЖАНА КҮРӨӨНҮН ЖҮЙӨСҮН САТЫП ӨТКӨРҮҮ›7-глава Өндүрүп алууга айлантылган күрөө жүйөсүн сатып өткөрүү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 74-статьясы, 24.04.2025 редакциясы.

1. Сот мамлекеттик бийлик жана башкаруу жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында, жана Кыргыз Республикасынын сот органдарында иштеген кызмат адамынан тышкары торуктарды көзкарандысыз уюштуруучусу катары юридикалык же жеке жакты (жекече иштерди) дайындай алат.

Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар сот тарабынан жалпы негиздерде торуктардын көзкарандысыз уюштуруучусу катары дайындала алат.

2. Соттук же соттон тышкары тартипте торуктардын уюштуруучусу катары мүлктүк кызыкчылыгы бар адам дайындалышы мүмкүн эмес, атап айтканда:

1) ошол жак катышуучу (уюмдаштыруучу, акционер, мүчө) же мүлктүн менчик ээси же күрөөнүн жетекчиси (карызкору) же күрөө кармоочу болсо;

2) ошол жак күрөө берүүчүнүн (карызкордун) же күрөө кармоочунун кредитору, дебитору, камсыздандыруучусу болуп саналса.

3) ошол адам күрөө берүүчү (карызкор) же күрөө кармоочу менен жакын туугандык байланышта (жубайы, балдары, ата-энеси, ага-иниси, эже-карындашы) турса;

3. Башка адамдардын мүлкүн жана (же) ишин башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырышына чектөө коюлган адам жана соттуулугунан арыла элек адам торуктун уюштуруучусу катары дайындалышы мүмкүн эмес.

4. Торуктардын көзкарандысыз уюштуруучусуна сыйакы берүүнүн өлчөмү жана тартиби төмөндөгүчө аныкталат:

1) өндүрүп алууну сот тартибинде айландыруу - сот тарабынан, ал чечимде көрсөтүлөт;

2) өндүрүп алууну сот тартибинде айлантууда тараптардын макулдашуусу менен, ал күрөө кармоочунун талаптарын соттон сырткаркы тартипте канагаттандыруу жөнүндө макулдашууда же жарандык-укуктук келишимде өзүнчө көрсөтүлөт.

5. Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык сот чечимдери жүктөлгөн жана торуктардын уюштуруучусу катары дайындалган адамга сыйакы Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарынын талаптарына ылайык төлөнөт.

(КР 2014-жылдын 4-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)