19-берене. Кылмыштарды классификациялоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ›3-глава. Кылмыш түшүнүгү жана анын классификациясы. Кылмыш үчүн жоопкерчиликтин негизи
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 19-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Кылмыштар мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук даражасына жараша коркунучтуулугу аз, анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар болуп бөлүнөт.
2. Кылмыштын оордугу берененин санкциясында көрсөтүлгөн кыйла катаал жазанын жогорку мөөнөтү (өлчөмү) менен аныкталат.
1) Коркунучтуулугу аз кылмыштарга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралбаган, атайылап жана этиятсыздыктан жасалган кылмыштар кирет.
2) Анча оор эмес кылмыштарга мыйзам тарабынан беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар, ошондой эле он жылдан ашык эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган этиятсыздыктан жасалган кылмыштар кирет.
3) Оор кылмыштарга мыйзам тарабынан беш жылдан ашык, бирок он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар кирет.
4) Өзгөчө оор кылмыштарга мыйзам тарабынан он жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар кирет.