18-берене. Кылмыш түшүнүгү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ›3-глава. Кылмыш түшүнүгү жана анын классификациясы. Кылмыш үчүн жоопкерчиликтин негизи

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Кылмыш деп кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик) таанылат.

2. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган, бирок зыяндуулугу аз болгондугунан улам коомго коркунуч келтирбеген жосундун белгилерине формалдуу түрдө туура келген аракет же аракетсиздик жосун болуп эсептелбейт.