3-статья. Үйбүлө мамилелериндеги гендердик теңчилик
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›1-глава Үйбүлө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 3-статьясы, 17.07.2025 редакциясы.
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген Кыргыз Республикасында аялдардын жана эркектердин укуктарынын теңдигине, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ылайык, аялдар жана эркектер үй-бүлө мамилелеринде жеке жана бирдей мүлктүк укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.
2. Үйбүлө мамилелериндеги гендердик теңчилик коом жана мамлекет тарабынан коргоого алынат.
3. Үйбүлө мүчөлөрү жана алар менен бирге жашап жаткан адамдардын ортосундагы мамилелер гендердик теңчиликке, ошондой эле инсандын ар-намысы менен аброюн сыйлоо принциптерине негизделет.
4. Үйбүлө мамилелеринде гендердик укукту кемсинтүүгө тыюу салынат.
(КР 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2012-жылдын 17-майындагы № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)